• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Инандыны аңдып жүргөн делген адам Атазовдун таанышыбы? Депутаттын жообу…

7 Теке 202122:45 Бишкек Govori.TV

Сүрөттөгү баланы тааныбайт экенмин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Орхан Инандыны аңдып жүргөн деп шектелип жаткан адам менен түшкөн сүрөт тууралуу түшүндүрмө берип жатып билдирген.

«Ошондо биз бул сүрөттө, Баткен Шэр — Ниязов, Руслан Бекназаров, досум Урмат, Улан жана башкалар болуп Орхан Инандыны талкуулабадыкпы?Ушул бала Орхан Инандыны уурдаса, ахыбалыбыз оор экен анда! Бул баланы тааныбайт экенмин. Бирок, чет өлкөнүн спец.службасы жолдо калыптыр го! Эми ушул маалыматты ойлоп тапкандар кудайдан жазасын күткүлө! Куру доомат жөн койбойт! Силерди кудайга койдум!

Орхан Инанды учурда Туркияда жүрсө, бул сүрөттө турган баланын кандай тиешеси бар?? Туркия спец.службасы алып кеткен деп Туркия маалымат булактары чыгарып жатат. Сүрөттөгү бала кыргыз болуп турат. Камерада футболкасы сары ушуга окшош экен деп окшоштуруу бул түркөйлүк! Бүгүн Орхан Инандын адвокатымын деп озүн жарыялаган адам мен жөнүндө да жомокторду жазыптыр! «ОРХАН ИНАНДЫНЫ УУРДАЛЫШЫНА ДЕПУТАТ АТАЗОВ ТИЕШЕСИ БОЛСО КЕРЕК». Бул куру жалаанын артында кайсы сойку саясатчылар, кайсы өлкөнүн элчилери, кайсы министрлер турат жакшы билем! Убагы келет баары менен сүйлөшөм! Аллах ошол күнгө жеткирсин. Акыркы күндөрү кээ бир мамлекетти тоноп жегендердин түн уйкусу бузулуп жатты эле. Алар мындай кара пиарлар менен мени чындыкты айтуудан токтотобуз деп ойлошот. Ушунча жыл өлкөнү тоноп жеп, эми чындыкты айткан депутаттарга ар турдуу куру жалаа жаап, ошодон кумарланышат экен! Булар «грязный политиктер»!
Атайын уюштурулган кара пиардын өмүрү кыска болот. «Бир күн келет ошол өздөрү казган орго өздөрү түшөт»!
Менин балдарым 3 жылдан бери лицейде окуйт. Орхан Инанды балдарымдын агайы. Балдарыма билим берген агайды мен кантип уурдайм? Жоголгон алгачкы күндөрдөн тартып митингдерге чыгып, сессияда сүйлөп, «Агай билим берүүгө чоң салым кошкон инсан, аны табыш керек деп» сүйлөп жүрөм. Бул боюнча кара пиар уюштургандар маалыматы жок болуп калыптыр!
Ал эми Стамбулда алган сыйлыгым, парламент депутаттары, фракция лидерлери, шаар мэри менен жолугушуум эч кандай Орхан Инандыга тиешеси жок. Ал менин депутаттык сапарым эки элдин достук мамилесин чынңоо, мамлекетибизге инвестиция тартуу максатында болду. Бул иш чараны да көрө албай, ичи тарып жаткан саясатчылар силерге Кудайдан ыйман, бакыт тилейм!», — деп жазган депутат.

Эске салсак Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, Инандынын уурдалышына Жогоркуу Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду да суроо керектигинайтып Башкы прокуратурага кайрылган. Жактоочу Арсен Айылчиев деген жигиттин сүрөтүн жарыялап, ал Орхан Инанды жоголгон күнү Инандынын унаасынын байкоочу камерагасына түшүп калганын айткан.

Количество просмотров: 5010