• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Инандыны табууну талап кылгандарга парламент депутаттары чыкты

3 Кулжа 2021 12:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Орхан Инанды табылсын» деген талап менен нааразычылык акциясы өттү.
Алар «Сапат» лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын табылуусун жана анын жоголуусуна байланыштуу суроолорго так жооп алуу үчүн чогулушкан.

Митингге чыккандардын алдына депутаттар Самат Исманов, Нурбек Тотонов жана Шайлообек Атазовдор чыгыгышты.

Депутаттар бул маселе парламентте дагы көтөрүлгөнүн билдиришти.

«Биздин да балдарыбыз «Сапаттын» лицейлеринде окушат. Кыргыз жаранынын уурдалышы эл аралык беделибизди түшүрөт. Биз Жогорку Кеңеште бүгүн Орхан Инандыны тууралуу маалымат угабыз «, — деди Шайлообек Атазов.

Нет описания.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды үч күндөн бери табылбай жатат. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Учурда издөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 111