• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Инандынын жоголушу боюнча Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйыны өттү

4 Кулжа 2021 8:01 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 3-июнда Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Анын жүргөн жери азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 34