Индикаторлорду пилоттук негизде иштетүү пландалууда
Индикаторлорду пилоттук негизде иштетүү пландалууда
24 Чын куран 201816:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV
Бишкекте КР өкмөтүнө караштуу айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте ПРООН-ГЭФтин “Экологиялык маалыматты мониторинг жүргүзүү жана улуттук башкаруу тутумун жакшыртууну камсыздоо үчүн институциялык жана укуктук потенциалды күчөтүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу статистиканы жакшыртуу боюнча иш тобунун алгачкы жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Улуттук статистикалык комитеттин, айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин, айыл чарба министрлигинин, гидрометеорология борборунун жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча борбордун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эксперттик топтун жетекчиси индикаторлордун анализдеринин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип, чогулгандарга учурдагы клматтык абал туурасында айтып берди.Ошондой эле эксперттик топ төрт индикатордун паспорттору тааныштырды.
Жыйынтыгында индикаторлордун паспортторун толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.Ошондой эле агенттиктер менен маселелерди караштырып кээ бир индикаторлорду пилоттук негизде иштетүүнү баштоо пландалды.