• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Индира Жолдубаева “Белиз-гейт” боюнча документти катып алган

7 Кулжа 2018 9:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.06.2018. Govori.TV
Мурдагы башкы Прокурор Индира Жолдубаева “Белиз-гейт” окуясы боюнча Белиз өлкөсүнөн келген расмий жоопту катып алган. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бизге билдирди. Анын айтымында, тышкы иштер министрлигине аталган өлкөдөн 2017-жылдын 23-октябрында жооп келген, аны ТИМдин тиешелүү бөлүмү жоопту ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага кол койдуруп  өзүнө берген.
“Бизге жазган ТИМдин катында ошол документтин номуру да көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги «Белизден документ келген, аны Индира айымдын колуна тапшырганбыз» деп айтты. Башкы прокуратура бир жылдан бери ал катты «катчылыкта жок» деп жатат. Демек, Индира Жолдубаева ал документти жокко чыгарган же кириштеген эмес”,-дейт депутат.
Ал белгилегендей, учурда каттын экинчи көчүрмөсү АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов тарабынан кайрадан алынып келинген. Азыр ал башкы прокуратурада. Жакында, жарыкка чыгып, бул окуянын ойдон чыгарылганы анык болмокчу.
Количество просмотров: 15