• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Индия: Президенттик шайлоодо Мурму жеңди

22 Теке 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

Индиядагы президенттик шайлоодо Драупади Мурму жеңди. Ал өлкөнүн тарыхында экинчи жолу аял мамлекет башчы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

64 жаштагы Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин, жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушуна ээ болду. Жаңы президент 25-июлда азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктары аяктаган күнү ант берет.

Мурму 2000 жана 2004-жылдары Орисса штатынын ассамблеясында эки мөөнөткө шайланган жана 2000-жылдан 2004-жылга чейин башкы министр Навин Патнаиктин тушунда коалициялык өкмөттө министр болуп иштеген. 2015-жылы ал Жаркханддын биринчи аял губернатору болгон.

Количество просмотров: 480