• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Индияда асынып алган кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

10 Үчтүн айы 202414:59 Бишкек Govori.TV

Индияда асынып алганы айтылган кыргызстандык 32 жаштагы аялдын сөөгү мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги бул окуянын чоо-жайынын иликтенишине дыкат көңүл бурулуп жатканын маалымдады.

Индиялык басылмалар жазгандай, кыргызстандык аял туристтердин тобу менен медиациялык программанын алкагында аталган шаарга 12-декабрда барган. Курс жыйынтыкталгандан кийин, 2-январда ал Holiday Home отелине жайгашкан, бирок эртеси дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Raj Resort мейманканасынан табылган.

Количество просмотров: 783