• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Индиядан Кыргызстандын 10 жараны келди

19 Кулжа 2020 13:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарына Индиядан Кыргызстандын 10 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бардык жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

«Индия тараптын өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-июнунан 28-июнуна чейин «Air India» жана «Sapa Jet» авиакомпаниясы Индиянын Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтарууну пландап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 162