Индиянын Нью-Дели шаарындагы ооруканага дарылануу үчун барган жарандар Кыргызстанга кайта албай жатабыз. Бул тууралуу Govori.TVга Ратбү Жээналиева билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 60га чукул кыргызстандык мекенине кайта албай кыйналып жатат.
«Бүгүнкү күндө биз Индиянын Нью-Дели шаарындабыз. Аталган шаарга ден соолугума байланыштуу 3 ай мурун келгем. Мага окшоп дарыланууга келген кыргыздардын саны көп. Операциялары ийгиликтүү өткөнү менен аталган өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга кете албай кыйналып жатабыз. Арасында кош бойлуу келиндер дагы бар. Ушул тапта Индияда эпидемиологиялык абал турукташып калды десек болот. Карантиндик чектөөлөр дээрлик алынды. Ал эми ооруканага келген кыргыз жарандары 3 күн сайын коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгы терс чыгып жатат. Мекенибизге кете албай, мейманканаларга жайгашканбыз. Каражатыбыз дагы калбай калды. Индияга дарылануу үчүн келгендер Дубай аркылуу учуп келишүүдө. Ал эми кайра кеткенге мүмкүн болбой жатат. 25-июнда атайы чартердик каттам уюштурулат деген маалыматыбыз бар. Биздин көйгөйдү чечип беришсе жакшы болмок. Кыргызстанга кеткенге эки көзүбүз төрт»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк басылмаларда Covid-19га байланышкан кырдаал Индияда салыштырмалуу турукташканы айтылат. Өлкөнүн көптөгөн региондорунда чектөө чаралары алынып, бардык тейлөө кызматтары, ири соода борборлору жана башка коомдук жайлар ачыла баштаган. 1 млрд. 373 млн. калкы бар Индия өлкөсү боюнча COVID-19 инфекциясынын 58 миң 419 жаңы учуру жекшемби күнү катталды. Бул акыркы 2 айдан берки эң төмөн көрсөткүч. Кырдаал начар кезинде бул сандар 400 миңге чейин жеткен. Ал эми Нью-Дели шаары боюнча бүгүн, 21-июнга карата 124 жаңы учурлар катталган (20 млн.калкы бар). Бул дагы эпидемиологиялык абал жакшыргандан бери эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелет. Индия өкмөтү жаңы учурлардын санынын төмөндөшүн Индияда коомдук жайларда милдеттүү болгон маска кийүү менен социалдык дистанция жана башка эрежелерди сактоо менен байланыштырды.
23-июндан тарта Дубайдын алдыңкы «Emirates» авиакомпаниясы эл аралык каттамдарды жандандыргандыгын жарыялады. Башка бир катар чет өлкөлөр да Индия менен аба каттамдарын жандандырууну пландаштырууда. Индиянын Times of India гезити өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, Индия коронавируска каршы COVID-19 эмдөөсү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкканын жазды. Учурда 280 млн. адам Индияда эмдөөдөн өттү.