• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

«Индиянын боевик кинолору бери жакта калды». Алматыда жүргөн тажик аскерлери коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурдурду

13 Үчтүн айы 2022 11:32 Бишкек Govori.TV


Социалдык түйүндөрдө Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагындагы макулдашылган миссия менен Казакстандын аймагына барган тажик аскерлеринин видеосу жарыяланып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда.

Интернет колдонуучулар «Индиянын боевик тасмалары бери жакта калды» деген сыяктуу тамаша пикирлерин жазышууда.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму кабыл алган чечимге ылайык, Тажикстан Казакстанга 200дөй аскер кызматкерин жөнөткөн.

Эске салсак, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сураган. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барган болчу.

Количество просмотров: 38807