• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда абакта жатып террордук акт жасоого даярдангандардын бети ачылды

25 Жетинин айы 202415:11 Бишкек Govori.TV

Казакстанда абакта жаткандар террордук акт жасаарда кылтакка түштү. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.

Абакта отурган радикалдуу диний идеологиянын ондогон жактоочуларынын ишмердиги ачыкка чыккан. Алдын ала маалымат боюнча кылмышка тиешеси барлардын бири абакта жатып терракт даярдаган, ал эми калгандары болсо ага катышууга башкаларды тартышкан.

Абакты тинтүү учурунда бычактар, смартфондор жана башка далил заттар алынган.

Алардын бири экстремизм үчүн соттолсо, калгандары адам өлтүргөнү, каракчылык менен уурдап тоноочулук үчүн абакта отурушат. Алматыда пробациялык мөөнөттө жүргөн алардын шериги да колго түштү.

Буларга карата Казакстандын Кылмыш кодексинин 255-256-259-беренелери менен кылмыш иши козголду.

Бул кылмыш КНБнын, ИИМдин жана Алматы прокуратурасынын Алматы, Костанай жана Жетысу облустарындагы кылмыш түзөтүү түзүмдөрүн координациялоосу аркылуу бети ачылган.

Количество просмотров: 136