• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Индонезия: Жер титирөө жана цунамиден каза болгон адамдардын саны 832ге жетти

30 Аяк оона 2018 16:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.09.2018. Govori.TV
Индонезияда жер титирөөдөн кийинки цунамиден 832 адам каза болду. Бул тууралуу куткаруу кызматтарынын маалыматтарына таянып 30-сентябрда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Табигый кырсыктын кесепетинен жаракат алып, турак жайсыз калган жарандардын так саны айтыла элек. Миңдеген имараттар, оорукана, соода борборлору да кыйраган. Ошондой эле чоң көпүрө кулап түшкөнү маалымдалды. Кырсык орун алган аймакка бүгүн Индонезиянын президенти Жоко Видидо барды.
«Учурда талкаланган имарат, турак жайлардын санын такттоо кыйынга турууда.  Акыркы маалыматтарга караганда, толкундан көтөрүлгөн суунун бийиктиги 6 метрге чейин жеткен. Күчү 7,5 баллга жеткен жер силкинүү учурунда көп адамдар имараттардын алдында калып кеткен. Жабыркагандардын саны көп болгондуктан дарыгерлер аларга оорукананын короосунда медициналык жардам көрсөтүүгө аргасыз болууда. Учурда чет өлкөлүктөрдөн Франциянын 3 жараны, Түштүк Кореянын бир жараны жана бир малайзиялык жаран дайынсыз болууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Индонезияда 28-сентябрь күнү күчү 5,8, 6,1 жана 7,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында Сулавеси аралында цунами башталып, көтөрүлгөн суунун бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Белгилүү болгондой жыл сайын Индонезиянын аймагынан сейсмологдор күчү 4 баллга чейин жеткен 6-7 миң жер титирөө фактысын каттайт.
Количество просмотров: 16