• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Индонезияда маңзат соодасына шектелип Өзбекстандын жарандары кармалды

1 Кулжа 2023 17:02 Бишкек Govori.TV

Индонезиянын Бали аралында маңзат соодасына шектелип алты чет өлкөлүк жаран жана бир жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Kompas басылмасы кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, алгач Азамат аттуу өзбек жараны кармалып, кийин анын эки өзбекстандык шериги камакка алынган. Мындан тышкары кармалгандардын арасында эки орусиялык – Денис Комаров менен Денис Романов да болгон.

Полициядан кабарлашкандай, тергөө иштери башталганда Азамат маңзат соодасын Денис Романов жетектегенин айтып берген. Шектүүлөрдү колго түшүрүү маалында алардын жанынан 1678 грамм марихуана жана 67 грамм каннабис табылган. Сурак маалында орус жарандары айыптоолорду четке кагып, маңзат соодасына тиешелери жок экенин айтышкан.

Быйыл 4-апрелде Индонезияда «Катиба ат-Таухид валь-Жихад» террордук уюмунун пропагандасына тиешеси бар деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны камакка алынганы кабарланган.

Количество просмотров: 60