Орусиянын Волгоград облусунун Быковский районунда ууланган өзбекстандык 11 мигрант ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 28-июлда жалпысынан 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы 11 өзбекстандык ооруканага жеткирилген. Алардын баары аталган райондогу “Победа” деген фермердик чарбада мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн.
Бүгүнкү күндө Өзбекстандын эки жараны Волгоград облустук жугуштуу оорулар ооруканасында, калганы Быковский райондук ооркуканасында дарыланууда. Алардын абалдары канааттандыраарлык деп бааланууда.