• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Индонезиядагы өрт 13 адамдын өмүрүн жалмады

25 Бештин айы 202310:52 Бишкек Govori.TV

Индонезиянын Сулавеси аралында болот эритүүчү заводдон өрт чыгып, 13 киши каза болду. Бул чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, кырсык 24-декабрь күнү болгон.

«Ысык буунун кесепетинен 13 адам каза болуп, 46 адам жабыркаган»,-деп жазылат маалыматта.

Заводдун жетекчилиги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча атайы топ түзгөнү кабарланды.

Количество просмотров: 83