• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Индонезиядагы селден 70 адам каза болду

28 Үчтүн айы 2019 10:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Индонезиянын Сулавеси аралындагы селдин кесепетинен улам 70 адам каза тапты. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет.

Индонезиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Сутопо Пурво Нугрохонун айтымында, табигый кырсыктан 47 адам түрдүү жарат алган.  Сел бир нече имараттарга зыян келтирген. Мындан сырткары 9 көпүрө кыйрап, жок болгон.

Суу ташкындарына тынымсыз жааган жаандан себеп болгон. Тагыраагы, жаандан улам дарыянын деңгээли көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 26