• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Инсандын жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз». Орунбеков Жапаровго болушту

29 Үчтүн айы 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жазды.

Анын айтымында, сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатат.

“Акылбек Жапаровдун мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экени белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, Министрлер кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым. Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз”, — деген Орунбеков.

Количество просмотров: 763