• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Инстаграм Рамзан Кадыровдун жаңы аккаунтун жапты

9 Жетинин айы 2018 15:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.11.2018.Govori.TV.
Инстаграмда  za_kadyrov_95 аккаунту жабылды. Ал эмне себептен блокко түшкөнү белгисиз. Бул аккаунтта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун баракчасы жайгашкан.
za_kadyrov_95 аккаунту 2018-жылы июлда ачылган. Ал жабылганга чейин 1,3 миллион каттталуучусу болгон.
Кадыровдун Инстаграм жана Фейсбуктагы эски аккаунттары 2017-жылы 23-декабрда жабылган. Кадыровдун баракчасына 3 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Кадыров “Магнитский тизмесинин” алкагында АКШнын санкциясына илингени үчүн социалдык түйүндөрдөгү профилдери өчүрүлгөн.
Фейсбук өкүлүнүн айтымында, компания Кадыровдун аккаунтун жабууга милдеттүү болгон. Санкция режими боюнча америкалык компаниялар Кадыров менен иш алып барбашы керек.
Фейсбуктун аракеттерине каршылык көрсөтүп, Чеченстан парламентинин башчысы Магомед Даудов баштаган бардык депутаттар Инстаграмдан чыгып кетишкен.
Кадыров социалдык түйүндөрдө баракчалары жабылгандан кийин Чеченстанда Mylistory социалдык түйүнү ишке киргенин жана ал жакта өз аккаунттары пайда болгонун билдирген.
Количество просмотров: 28