• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Instagram жаңы функцияны ишке киргизди

14 Бештин айы 2017 14:32 Бишкек Govori.TV

Элге кеңири жайылган Instagram фотосервиси колдонучууларына хештег аркылуу катталуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жарыяланган постторду издөө жолун жеңилдетти. Бул туурасында социалдык тармактын расмий блогунда жарыяланды.

Хештегге катталуу үчүн издөө системасы аркылуу каалаган сөзүңүздү жазып тапкандан кийин экранда «подписаться» деген баскыч пайда болот. Катталгандан кийин Stories бөлүмүнүн негизги бетине ошол хештег чыгып калат, аны бассаңыз ошого байланышкан постторду көрө аласыз.

Жаңыланган кызматтарды iOS жана Android операциалык системасынын колдонучуулары пайдалана алат.

Спутник

 

Количество просмотров: 8