Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз адамдарга карата маалымат текшерилип, алар «Telegram» каналында «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүн түзүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен.
«Жеке тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизатын тапшырган. Мындан тышкары, алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар тапшырышып, Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармалар (закладки) көрсөтүп беришкен. Л.И. «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат. Кармалгандар убактылуу кармоо жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.
Жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө төмөнкү заттар табылып алынган:
• «гашиш» баңгизаты таза салмагы – 71 гр;
• “гашиш” баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;
• Компьютер жана ноутбук;
• 3 даана уюлдук телефон;
• Банк карталары.
Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.