• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Интернетке «Мадина» базарында кездемелерди талашып жаткан видео тарады

15 Жалган куран 2020 0:17 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө Бишкектеги «Мадина» базарындагы кездемелерди талашкан видео тарады.

Видео материалдан чогулган эл контейнердин алдындагы кездемелерди талашып алып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Бишкек ШИИББ видео мындан эки жыл мурда тартылганын, тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

«Интернетте тарап жаткан «Мадина» базарындагы окуя тууралуу видео 2018-жылы тартылган. Анда кездемелерге арзандатуу болгон. Учурда тарап жаткан видеого тиркелген «кытайларды кууп чыгуу максатында товарларын тартып алышууда» деген билдирүү дагы туура эмес. Укук коргоо кызматкерлери «Мадина» базарына барып, кырдаалды байкап келишти. Базарда абал туруктуу, соода кадимкидей эле жүргүп жатат. Ошол эле учурда жарандарга кайрылып, жалган маалымат таратпоого чакырабыз», — деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

https://youtu.be/IA6AYr6z05A
Количество просмотров: 2417