• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Интернетке тараган сүрөт боюнча аэропорттун басма сөз кызматы үн катты

25 Баш оона 2021 0:02 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда аба майдандагы тактада кыргыз тилинде ката жазылган жазуу талкууга алынды. Анда «күтүү залы» деген сөз туура эмес жазылганын көрүүгө болот.

Ал эми «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы аталган жазуу Кыргызстандагы бир дагы аэропортто жок экенин билдирди.

«Сүрөттөгүдөй жашыл түстөгү пиктограмм өлкөдөгү аэропорттордо жок. Бизде стандарт боюнча сары түс менен жазылган. Ал эми бул сүрөт Оштогу аэропортто деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жарнамалар, көчөдөгү жазуулар мамлекеттик тилде көбүнчө ката жазылып жүргөнү сынга алынып келет.

Количество просмотров: 2544