• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзам сунушталууда

15 Бугу 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова демилгелеген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлдөрү сунуштап жаткан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам долбоору тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары жазылган.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун максаты Интернеттеги жалган маалыматтардан коргонууну камсыз кылуу, маалымат жайылтууда Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдети жана буларды жөнгө салуучу органдын функцияларын аныктоо экени айтылат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө “Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт”, — деп жазылган. Мыйзам долбоорун толук бул жактан көрсөңүз болот.

Эл өкүлдөрү мындай мыйзам долбоорлору Европа өлкөлөрүндө дагы бар экенин белгилешкен.

Количество просмотров: 184