• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзамга депутаттар ордуна башка бирөө добуш берип койгонун айтып чыгышты

18 Кулжа 2020 18:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана башка депутаттар демилгелеп жаткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоору биринчи окуудан өттү. Ага 102 макул, төрт депутат каршы добуш берди.

Белгилей кетчү нерсе бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип келген айрым депутаттар да макул деп добуш беришкен. Мындан улам депутат Жанар Акаев башка депутат анын ордуна “макул” деп добуш берип койгонун жазды.

“Мен добуш берүүгө жетишпей калдым, коллегам «за» деп басып коюптур. Экинчи окууда каршы добуш берем албетте”, – деп жазган эл өкүлү.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев жарыяланган добуш берүүнүн жыйынтыгында айрым депутаттар кечки саат 8.30да залда болбогонун жазды.

«Менин кесиптештеримдин бири мага добуш берген окшойт. Экинчи окууда мен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берем «,-деди Жээнчороев.

Депутаттардын бири Исхак Пирматовдун айтымында, экинчи окууда ал Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбооруна каршы добуш берет.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Количество просмотров: 61