• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Ипотека маселеси». ИИМ депутат Айгүл Айдаровага жооп берди

10 Бирдин айы 2023 13:00 Бишкек Govori.TV

ИИМдин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жолугушуудан качып жүрөт деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

ИИМ бүгүнкү күндө республика боюнча ички иштер органдарында турак жай алуу үчүн кезекте 4000ден ашуун адам турганын билдирди.

«Батирлерди бөлүштүрүү тартиби баарына белгилүү, биринчи кезекте муктаж болгондор, анын ичинде пенсионерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү турат. Маселени чечүү үчүн «Менин үйүм 2021-2026-жылдар» турак жай программасынын алкагында 216 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилген. Министрлик турак жай бөлүп берүү маселесин кароо үчүн пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн, ошондой эле башка бардык кезекте тургандардын тизмесин МИКке жөнөткөн. Учурда турак жайды бөлүштүрүү маселеси карала элек», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, депутат Айдарова милицияда иштеп кеткен пенсионерлер, жетим-жесирлер, көп балалуулар, кызмат учурунда майып болуп калгандар биринчи кезекте турганына карабай Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) турак жай ала албай жатканына нааразы болгон. Бул маселени талкуулоо үчүн кайрылса Бийбосунов качып жатканын айткан.

Количество просмотров: 243