Иран Израиль тарапты көздөй 400 ракета кое берди. Бул тууралуу Йерусалим Пост басылмасы жазды.
Израилдин бардык аймагында үн күчөткүч жаңырды.
Израиль армиясынын өкүлү Даниел Хагаринин айтымында, АКШ Израилге Ирандан жакынкы убакта пландалган ракеталык чабуул болот деп эскерткен, бирок ал кезде Тегеран тараптан эч кандай аба коркунучу жаралган эмес.
Эске салсак, БУУнун жыйынында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран Израилге кол салса, аларга карата катуу жооп болорун билдирген.