• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ирандан беш кыргызстандык келди

19 Бугу 20209:04 Бишкек Govori.TV

Ирандын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен беш кыргызстандык жана гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жеке коргонуу каражаттарынан жана дары-дармектерден турган жардамды кабыл алуу салтанатына Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен Ирандын Бишкектеги элчиси Саид Харази катышты.

Билдирүүдө мекенине кайтып келген кыргызстандыктар тууралуу башка маалымат жазылган эмес.

18-майга карата Кыргызстанда 1216 кишиде коронавирус аныкталды. Алардын 837си айыгып чыкса, 14 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 67