Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи элге кайрылуу жасаганын IRNA агенттиги билдирди.
Хаменеи өз сөзүндө АКШ Иран менен аскерий жаңжалга киришсе орду толгус зыян тарта турганын айтты.
«Иранды, иран элин жана анын тарыхын билген акылдуу адамдар эч качан бул эл менен коркутуу тилинде сүйлөбөйт, анткени иран эли багынып бербейт жана америкалыктар билиши керек, ар кандай аскерий кийлигишүү аларга сөзсүз түрдө орду толгус зыян алып келет», — деди Ирандын жогорку лидери.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран тараптан толук жана эч кандай шартсыз багынып берүүнү талап кылган. Ал ошондой эле Ак үй Али Хаменеинин кайда экенин билсе дагы, аны жок кылуу маселесин карай электигин белгиледи.
Буга жооп катары Ирандын жогорку лидери Израилдин өз өлкөсүнө жасаган чабуулун жоопсуз калтырбай турганын билдирди.
13-июнга караган түнү Израил «Көтөрүлүүчү арстан» деп аталган масштабдуу аскердик операциясын баштаган. Израилдин согуштук учактары Ирандын аскердик жана өзөктүк объектилерине сокку урду. Израил бийликтери өлкөнү мүмкүн болуучу коркунучтан коргоо үчүн аракет кылып жатышканын билдирди.
Буга жооп кылып Тегеран «Чындык убада» операциясын баштап, Израилдин аскерий объектилерине сокку урду.