• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ири өлчөмдө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды

8 Аяк оона 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда ири өлчөмдө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, Кара-Суу районунун аймагында 42 жаштагы Б.К. жана 45 жаштагы М.С. аттуу жарандардын башкаруусундагы «Toyota Crown» үлгүсүндөгү автоунаага жол коопсуздугунун эрежесин сактоо боюнча жана текшерүү үчүн токтоткон учурда анын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү качууга аракет кылышып, жүргүнчү баштыкка оролгон 2 даана затты кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген. Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалды.

«Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизат «каракуурай чайыры» бэкени аныкталып, салмагы 1 кг 992,4 граммды түзгөн»,-деп жазылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза Кодексинин «Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 168