• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ирина Карамушкина УКМКдан Таалайбек Сарыбашевдин жарандыгын билип берүүнү суранды

22 Жетинин айы 2018 14:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.11.2018.Govori.TV
Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев Орусиянын жараны.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты. КРнын мыйзамында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер башка мамлекеттин жараны болууга укук берилген эмес. Бирок, Ирина Карамушкинанын маалыматы боюнча, Таалайбек Сарыбашевдин орусиялык жарандыгы бар. Орусиядан ага ИНН берилген. Карамушкина УКМКдан Таалайбек Сарыбашев орусиянын жараны болуп туруп, кантип Оштун мэри болуп калгандыгы тууралуу маалыматты тактап берүүнү суранды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаардык мэриясынын пресс кызматы бул маалыматтын жалган экенин айтып,билдирүү тараткан. Алар Таалайбек Сарыбашев Орусияга барып иштеп келгени чындык, бирок паспорт алган эмес деп түшүндүрүшкөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамы кош жарандуулукка уруксат бербейт. КРнын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктунда башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлей албайт деп айтылат.
Количество просмотров: 24