• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ирина Карамушкина эмнеден кайф алат?

9 Бирдин айы 2018 9:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09. 02. 2018.  Govori.TV

“Мен кыргыз тилин үч жылдан бери үйрөнүп жатам, мен үчүн жаңы сөздөрдү үйрөнүү бул-кайф”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Бишкекте өткөн орус тилин сактоо боюнча жыйында билдирди.

“Кыргызстанда орус тилинин абалы ойлондура турган абалда. Ал тургай Жогорку Кеңеште да кооптуу жагдай бар. Жогорку Кеңешке мыйзамдардын долбоорун расмий тилде даярдоого укук берген мыйзам бар. Бирок, орус тилиндеги баяндамаларга депутаттар ачуу сындарды айтып, эне тилде болбогону үчүн жактырышпайт. Бизде эки тил тең бирдей эне тил эмеспи. Бир тилди өнүктүрүү үчүн экинчи тилди  зыянга учуратууга болбойт”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Ирина Карамушкина кыргыз тилине, кыргыздын улуттук кийимдерине каршы бир далай жолу сын айтып, коомчулуктун каарына калган жайы бар.

Количество просмотров: 5