Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFCден кетти. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына бүгүн жазганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан.
«Достор, бүгүн UFC аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын», — деп жазган ал.
Конор Макгрегор жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.