• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иса Өмүркүлов Акыйкатчы тууралуу мыйзамды бузабы? Токон Мамытов 3 айга эле шайланчудай

14 Аяк оона 2018 14:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.09.2018.Govori.TV.
КСДП фракциясы тарабынан акыйкатчы ордуна Токон Мамытовду сунушташты. Бул тууралуу аталган фракциянын бүгүнкү отурумунда чечим кабыл алынды.
Бирок бир нече депутат Токон Мамытовдун жашына такап, бул кызматка аталган талапкер дал келбендигин айтып чыкты.
“Акыйткачы жөнүндо мыйзамда так жазылган омбудсмен 65 жашка чейин шайланат. Уч айдан кийн мыйзам боюнча бул адам ал кызматтан кетиш керек. 65 жашта болсо, эки айдан кийин кайра башканы шайлайбызбы? Жэ, ошондо бул адам үчүн, биз мыйзамга өзгөртү киргизебизби?, -деген суурону койду депутат Дастан Бекешев.
Анда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркүлов соттор канча жылга чейин иштейт, деп кайра жооп узатты.
“Соттор боюнча мисал үчүн айттым. Шайланып атат эми, бир кудай билет ар бирибиз канчага чейин иштейбиз, канчага бул адамды шайлайбыз, канчага чейин иштейт. Биз шайлап берели, мөөнөтү келгенде кетет”,-деди Иса Өмүркүлов.
Токон Мамытов 18 декабрда 65 жашка толот.

https://www.youtube.com/watch?v=8ZEexrsQgug

 

Количество просмотров: 36