«Бишкек шаарынын мэрин шайлоого аралашпайм, эч кимге чай бербейм». Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Govori.TV сайтына билдирди.
Анын айтымында, ал азыр сыртта жүрөт жана мэрликке Азиз Суракматовду колдоп жатканы чындыкка жатпайт.
«Мени жөн эле аралаштырып жатышат, сыртта жүрөм. Эч кимге чай берип, Суракматовду колдоп койгула деген жокмун»,-деди ал.
Эске сала кетсек, бүгүн 25-июлда Фрунзе ресторанында шаар кеңешинин депутаттарына И. Өмүркулов менен Азиз Суракматов сый тамак берээри соцтармактарда жазылган эле.