• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Иса Өмүркулов ЖК депутаттары менен ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясына катышууда

5 Теке 20199:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Ушу күндөрү Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгүнүн башчысы Иса Өмүркулов жетектеген депутаттык топ Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын XXVIII (28) сессиясына катышып жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы кабарлады.

Люксембург өлкөсүндө өтүп жаткан «Коопсуздукту бекемдөөдө туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү: парламенттердин ролу» аталышындагы ЕККУнун XXVIII сессиясына фракция лидерлери, Жогорку Кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлери да катышууда.

Сессиянын алкагында туруктуу комитеттердин, ЕККУ ПАнын жалпы комитеттеринин саясий жана коопсуздук маселелери, экономикалык, илимий, технологиялык жана айлана-чөйрө маселелери, демократия жана адам укуктары, гуманитардык маселелер боюнча отурумдар жана ЕККУ ПАнын пленардык отуруму мерчемделген.

Айта кетсек, буга чейин депутат Иса Өмүркулов өлкөдөн чыгып кеткендиги жөнүндө маалымат тарап. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан болчу.

Количество просмотров: 10