• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты: “Коалицияга кошулуу сунуштарын карайбыз”

19 Чын куран 201814:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19. 04. 2018. Govori.TV

“Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көпчүлүк коалиция өзүнүн Өкмөтүн отставкага кетирди”. Бул сөздү бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов айтты.

“ТЭЦ боюнча көрдүңөр, КНС боюнча миллиондогон салык жашырууларды көрдүңөр, ушул жерден майыптарга бир миллион сом таппай коюшкан. Анан тигил жакта миллиардарды жашырып жатышса, биз Өкмөттүн чекесинен сыламак белек…”,-деди ал парламент жыйынында.

Ошону менен бирге эле ал көпчүлүк коалиция курамы бузулбай турганын, бирок, башка фракциялардан кошулуу жөнөндө сунуштар каралаарын да айтты.

Эске сала кетсек, бүгүн депутаттар 101 добуш менен Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирген эле.

 

Количество просмотров: 23