• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Исабеков: «Кумтөрдүн» тарыхында 66 адам мерт кеткен, бирок бир да жолу кылмыш иши козголгон эмес

26 Бештин айы 2019 14:24 Бишкек Govori.TV

«Кумтөрдүн» тарыхында 66 адам каза болгон, бирок бир да жолу бул ишканага карата кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Govori.TVга Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков билдирди.

«Кумтөрдүн» тарыхында 66 адам каза болгон, 129 адам майып болуп калды. Башкасын айтпаганда, аларга чеке жылытаарлык эч кандай компенсация да төлөнгөн жок. Бүгүнкү күндө да мага кайрылгандар бар, соттон кандай чечсек болот деп. Биз эмне бузулган экология жана майыптар менен калып калгыдай чымын же мал экенбизби. Мисалы жөнөкөй ишканада бирөөгө чыгым болсо баары артынан түшүп, жапканга чейин барат. А бул «Кумтөргө» баары боло берет экенби? Мурун биздин механикти карьердин бир жак бети кулап кетип басып калган, аны жада калса издешкен да эмес. Ошол жерде ондогон тонна алтындар калды. Булар үстү жагын эле алып атышат да. Жанагы «Кумтөр 2″ дегенге чоң, атайы техникаларды алып келиш керек болчу, алар кымбат турат. Анан ал кишилерди окутуп, уйрөтүп аларды иштетиш керек болчу. Биз экспедицияга барганда көргөнбүз түз эле жерден бир нече метр терең жерге киргенин, эч кандай жардырбай эле», — деди Исабеков.

Кошумчалай кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге маалымат жыйын уюштурган. Анда өлкө башчыга «Кумтөрдө» дайынсыз болуп изделип жаткан эки кызматкер тууралуу да суроо берилген.

Ал эми Президент жооп кылып, алардын издөө иштерине болгон аракеттер көрүлүп жатканын айтып, бул тууралуу өзүнүн да жүрөгү ооруп жатканын, жок дегенде эки кызматкердин сөөгү табылып жерге берилип калса экен деген үмүтү бар экенин айткан эле.

Эске салсак, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевди таппай калышкан. Андан бери жумушчуларды издөө ишинен майнап чыга элек.

Количество просмотров: 1267