• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Исаев: БШКга Садыр Жапаров шайлоого талапкер катары катталбасын деген кайрылуу жолдодук

9 Бештин айы 2020 12:46 Бишкек Govori.TV

Биз Борбордук шайлоо комиссиясына Садыр Жапаров шайлоого талапкер катары катталбасын деген кайрылуу жолдодук. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өткөн маалымат жыйында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаев билдирди.

«Бүгүнкү маалымат жыйынга биз конок катары чакырылганыбызды белгилеп өткүм келет. Негизи мыйзамга ылайык, баардык талапкерлер шайлоого бир шартта катышуусу керек. Президенттин милдетин аткарган адам кайра шайлоого катыша албайт. Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетин тапшырып бергени менен баардык артыкчылыктарга ээ болду. Алсак, УКМКга, Башкы прокуратурага өзүнүн адамдарын койду. Ошол себептен биз БШКга Садыр Жапаров шайлоого талапкер катары катталбасын деген кайрылуу жолдодук»,-деди Исаев.

Количество просмотров: 1007