• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Исаев менен Алтыбаева шайлоого баруудан баш тартты

1 Жетинин айы 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Канат Исаев менен Айнуру Алтыбаева баштаган тогуз адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 312 болду.

БШКга бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түшкөн. Алар:

— Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер;

— Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу;

— Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу;

— Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу;

— Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча;

— Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. 

Количество просмотров: 222