Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеш Каныбек Исаковдун талапкерлигин Билим берүү жана илим министри кызматына карап жатат. Исаковду Жогорку Кеңештин депутаттарына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.
ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалса эң алгачкы кадамдары билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшүүдөн баштала турганын айтты.