• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Исаков: БШК өзүнүн милдетине кирбеген норманы колдонуп, Нарматованы мандатынан ажыратты

15 Бирдин айы 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда адам укуктарынын жана сөз экиндигинин азыркы убактагы абалын талкуу кылуу үчүн тегерек стол өтүп жатат. Ага ЖК депутаттары, экс-депутаттар, укук коргоочулар, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Жыйында сөз сүйлөгөн “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков мурдагы депутат Орозайым Нарматованын мандат маселеси тууралуу пикирин айтты.

«Масал катары айта кетсем, Конституциянын 79-беренесинин 2-пунктуна ылайык, кайсы учурда депутаттык мөөнөтү токтотулары так жазылганына карабай, БШК өзүнүн милдетине кирбеген норманы колдонуп, Нарматованы мандатынан ажыратты. Анын диплому соттун чечими менен жокко чыгарылган жок. Ошентип укуктук манкурттукту бүткүл дүйнөгө көргөздү. Кыргызстанда БШК Конституциялык норманы четке кагат экен деп бүткүл дүйнөлүк коомдун оозун Өзгөнгө кататты» — деди ал.

Жана ошондой эле Исмаил Исаков өз сөзүндө буга чейин камакка алынып, үй камагына чыккан Бактыбек Калмаматовдун маселесин көтөрдү. Анын пикиринде Калмаматовду кармоо мыйзамсыз болгон.

Исаков Калмаматов менен Нарматованын ишинде катыштыгы бар кызмат адамдарынын укутук жоопкерчиликтерин карап чыгуу керек деген пикирин кошумчалады.

Количество просмотров: 2208