• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Исфана шаарында сел жүрдү

2 Бугу 2020 21:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-майда Баткен облусунун Исфана шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:00дө ӨКМнын Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.

«Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 482