• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткен ОИИБ «Головнойдо» Тажикстан видеобайкоо орноткону тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди

22 Теке 2021 17:37 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Головной» участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тараптын видеокөзөмөл коюлду деген маалыматына төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын ИИМи тарабынан атайын кайтарууга алынган.

2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз жана тажик элинин ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз абалга учураган.

Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан. Азыркы учурда аталган аймакты КР ИИМ кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат. Абал туруктуу.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар “Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга жакын жерге тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп жаткандыгы тууралуу жазып чыккан.

Количество просмотров: 280