• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Исфанадагы сел: Бакиров 85 метрлик дамба бир саатка дагы туруштук бербегенине нааразы болду

6 Бугу 2020 14:51 Бишкек Govori.TV

Исфанадагы 85 метрлик дамба бир саатка дагы туруштук берген жок. Сапаты өтө начар болгон. Мындай пикирди бүгүн, 6-майда парламенттин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

«Ооба, дамба курулган. Жарымы бузулду. Бирок ал өзүнүн коргоочу милдетин аткарды», — деди өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров.

«Ошончо каражатка курулуп, бир саат турду. Билбейм, кандай болот», — деди Бакиров.

Ошондой эле ал техникалык тейлөө иштерине канча акча каражаты каралганын сурады.

Аскаров: «400 миллион сомго жакын», — деп жооп берди.

Бакиров 2012-жылы Базар-Коргон районунда сел жүргөнүн эскерди.

«Ал жерге бир топ депутаттар барган. 35-40 миллион сомго сел каналы курулган. Маселе бир курулуш менен чечилген. Бир жолу капиталдык каражатын карап, бөлүп, маселени чечүү зарыл», — деди вице-спикер.

Мындан тышкары ал 1958-жылы курулган Чоң Чүй каналын мисал катары айтты: «Эч кандай оор оор техникасы жок, кетмен, күрөк менен курулган. Балким, бул маселени жарандардын катышуусу менен ар тараптуу чечүүнүн кажети бардыр? Биз жыл сайын миллиондогон каражаттарды коротуп, отура беребизби?», — деди ал.

Количество просмотров: 273