Иш башкармалык: Атамбаев үчүн резиденцияга 1 миллион евролук жаңы үй салынды
Иш башкармалык: Атамбаев үчүн резиденцияга 1 миллион евролук жаңы үй салынды
29 Жалган куран 201815:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.03.2018.Govori.TV
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн жаңы үй салынгандыгын Govori.TV. агенттигине тастыктады.
Иш башкармалык экс-президент Алмазбек Атамбаевди жайгаштырууга резиденцияда имарат жок болгондуктан жаңы үй салуу чечими кабыл алынгандыгын Govori.TVга билдирди.
«№17 мамлекеттик дача бюджеттен тышкары акчага курулду, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн жок. Жаңы дачанын курулушуна 89,3 миллион сом жумшалды, анын 77,8 миллион сому Алмазбек Атамбаевдин чөнтөгүнөн бөлүнүп берилди. Учурда ал дачада экс-президент үй-бүлөсү менен жашап жатат»,-деп айтылат маалыматта.
Иш башкармалык экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелинерин жана менчиктештирүүгө болбостугун билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.
Ошондой эле иш башкармалык №17 дача Президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экенин билдирди.