• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Иш таштаган айдоочулар шаар тургундарын азапка салды

4 Кулжа 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу үч күндөн бери уланууда. Алар бийликтен жол кире акысын көтөрүү маселесин чечип бербей жатканына нааразы болуп жатышат.
Айдоочулар шаардык бийликке жол кире акысын көтөрүү талабын айтышып, ишке талаптары аткарылгандан кийин гана чыгышарын билдиришти.

Ал эми шаар тургундары маршрутка жок болуп жаткандыктан коомдук транспортторго эл батпай, калаада кыйын кырдаал түзүлгөнүн айтышты.

Жол кирени көтөрүү маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында дагы көтөрүлдү. Депутат Ирина Карамушкина мэриянын ишин сындады. Анын айтымында, мэрия маршруттук таксилердин иш таштоосуна даярдык көргөн эмес.

Эл өкүлү Айбек Осмонов маршруткалардын жоктугунан такси кызматтары жол кирени 2-3 эсе көбөйтүп жатканын айтат.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов негизи жол кире акысы көтөрүлүшү керектигин айтып, төмөндөгүдөй жүйө келтирди.

Жогорку Кеңеш мэрия өз милдетин так аткара албай жатканына нааразы болуп, калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду парламентке чакыртышты. Кудайбергенов Бишкекте коомдук транспортко болгон тарифтер сентябрга чейин эле көтөрүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Ушул эле сөздү Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев айтып, маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылуу жасады. Балбак Түлөбаев жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин белгиледи. Ал айдоочуларды ага чейин элди кыйнабай, иштеп турууга чакырды.

Мэрия акыркы кырдаалга байланыштуу жарандарга кайрылып, кайдыгер болбой жол тоскон адамдарды ала кетүүнү суранган. А бирок бишкектиктер айдоочулар иш таштаган биринчи күнү эле таң заардан бири-бирин ала кетип башташкан.

Шаар ичинде жалпы 110 автобус жана 141 троллейбус кызмат кылып жатат. Борбор калаанын муниципалитети «Манас» аэропорту менен «Дордой» Ассоциациясы жарандарды акысыз жеткирүү үчүн 15 автобус бергенин кабарлады. Деген менен маселе чечиле эле.

Количество просмотров: 733