• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Иш таштаган кыргыз айдоочулары бүгүн кайра каттамга чыкты

10 Теке 201918:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.07.2019.Govori.TV.

Екатеринбургда иш таштаган кыргыз айдоочулары бүгүн кайра каттамга чыкты. Бул тууралуу россиялык СМИ маалымдайт. 

Жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттук компаниянын маалыматында, №012(Павла Шаманова — Хладокомбинат №3) жана №019(Елизавет — Академика Сахарова) каттамында керектүү автобустардын баары иште.

Эскерте кетсек, 9-июль күнү Екатеринбургда автобусдун айдоочулары жумуш ташташкан. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги иш таштагандардын баардыгы кыргыз мигранттары экенин ырастаган. 

Алар айлык акы маселесин чече ал азырынча белгисиз. Тийиштүү мамлекеттик органдардын дагы бул боюнча маалыматы жок.

Количество просмотров: 14