• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Исхак Масалиев абактагы Атамбаевге эмнеге барганын айтты

14 Бирдин айы 2022 11:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барып, кабар алып келгени тууралуу маалымат берди. Масалиев анын Атамбаевден 47-колонияга барып, кабар алганынан саясат издеп кереги жок деген пикирде.

«Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергенмин. Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес.
Убакыт келгенде өзү да Президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет.
Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.

Кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигини алганда мен толук алып коелу деген болчумун. Бирок менин кесиптештерим «Соке бар» деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт — Президент кызматын тапшыргандан кийин эч кандай кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, баардык президенттерге таанымал.

Мурдатан эле, камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөнмүн. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010-жылында өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөмүн. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул.
Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарынычтарды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман?
Ал кишиге бекем ден соолук каалаймын. Мойнуна койгон көптөгөн кылмыш иштеринен көпчүлүгү туура эмес, алар үчүн жооп бере турган кишилер башка. Аны ачык эле айтып турамын.
Келигиле достор, «бөйрөктөн шыйрак чыгарбай» эле коелу, жөнөкөй иштен саясат кылбай.
Ким билет, убакыт келгенде, азыркы өлкөнү башкарган жигиттерден да кабар алып калышыбыз мүмкүн, ошондо жактоочулар (мактоочулар) кайда болот?
Адам бололу достор…», — деп жазат депутат.

Количество просмотров: 2468