• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исхак Масалиев: Атамбаев мен президент, сен премьер-министр болосуң” деп айткан

3 Бирдин айы 2019 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.02.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жергиликтүү басылмалардын бирине интервью берип, мындай деген:

— Ал киши Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасында депутат, мен ишкер болуп жүргөндө таанышканбыз. 6 айдан кийин мен дагы эл өкүлдөр палатасына депутат болуп келдим. Ал депутат болуп шайланып, залда 15 күн олтуруп, соттон Шарипа Садыбакасова утуп алган. Ошондон бери анда-санда көрүшүп жүргөнбүз. 2000-жылы Атамбаев өзү “Түштүктө менин командам жок. Ошол жакты кошо республикалык штабды жетектеп бер. Мен президент, сен премьер-министр болосуң” деп суранган. Мен атама кирип, эгер коммунисттер партиясы талапкерди көрсөтпөсө, Атамбаевге жардам берсем болобу?- деп сураганымда, “Болот. Бирок, партиянын атынан сүйлөбөйсүң” деген. Өзүмдүн атымдан барып штаб башчысы болгом. Мамилебиз жакшы болчу. 2009-жылы президенттик шайлоо учурунда Жалал-Абадда “Исхак Масалиев атасынын атын жамынып жүрөт” деп сүйлөгөндө, өзүнө барып “Шайлоого барсаңыз бара бериңиз. Мага эмнеге тийишесиз?” деп сураганымда “Мен мас болчумун” деп айткан. Көз тийди, ууландырып коюшту деп айтып жүрүшпөдүбү, чындыгында мас болгонун өзү айткан. Андан кийин деле мамилебиз жакшы болчу. Убактылуу Өкмөт учурунда деле көрүшкөнбүз. 2017-жылдын башына чейин жакшы эле болуп келдик. 3–4 айда бир жолу кирип чыкчумун. Компартиянын жетекчиси катары Кытайга жыл сайын барам да. Ошол тууралуу президент катары пикир алышып турчубуз. Президенттик шайлоо башталганда такыр кабыл албай, августта талапкерлигимди алып таштаган. Саясатта ошондой болуп көз караштар өзгөрүлгөн. Азыркы президент менен 5 жыл чогуу депутат болуп олтурганбыз.

Булак: Назар ньюс

Количество просмотров: 24