Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кенешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө» КР Мыйзамынын долбоору тууралуу маселе каралды.
Анда депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору тууралуу Каржы министринин орун басары Улукбек Календеровго бардык депутаттардын сунушуна макул боло бергендигин сындады.
«Сиз өзү кимдин сунушуна макулсуз? Мен башка сунушту берип жатам. Бактыбек Сыдыков башка сунушту айтып жатат. Адашыңыз Улугбек Зулпукаровичтин сунушу бөлөк болуп турат. Сиз бардык сунушка эле макул деп жатасыз. Барына макул дей берсеңиз, тез эле премьер-министр болуп каласыз «,-деди Масалиев.